Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу №8

 

« Базар-Коргон шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынан алынган www.bazar-korgonmeria.kg домендик аталышына токтом кабыл алуу жөнүндө».

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 45-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №59-т тескемесине жана талаптарына ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 06.08.2024-жылкы чыгыш 01-17/1408 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV -сессиясы токтом кылат:

 

  1. Базар-Коргон шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынан алынган www.bazar-korgonmeria.kg домендик аталышына токтом кабыл алынсын.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

 

  1. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков