Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу №9

 

« Базар-Коргон шаарындагы №8 Т.Мамажанова, №18 Периште балдар бакчаларына кошумча бирден тайпа ачып берүү жөнүндө ».

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесин, 29-беренесинин 6-пунктун, Өкмөттүк акселератор программасынын ”Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасын аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновдун каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул, маданият, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундуларына негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XXХIV -сессиясы токтом кылат:

 

1.    Базар-Коргон шаарындагы №8 Т.Мамажанова, №18 Периште балдар бакчаларына кошумча бирден тайпа ачууга макулдук берилсин.

 

2.    Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

 

3.    Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул, маданият, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков