Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 20-1

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан калдык болуп калган акча каражатын 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 20.04.2023-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан калган калдык 19 744,3 миң сомду жана атайын каражаттан тамак-аштан калган калдык 81,6 миң сомду, айылдык кеңештин сессиясында карап чечим чыгарып берүү жөнүндөгү”, чыгыш № 518 сандуу билдирүүсү боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 24.04.2023-жылдагы отурумунун протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдан калдык болуп калган 19 825,9 миң сом акча каражаты, 2023-жылдын бюджетине 19 825,9 миң сом киреше жана 19 825,9 миң сом чыгаша болуп бекитилсин. Мындан 86,1 миң сом атайын каражат эсебинен.

2. Бул токтомду аткарууга алуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

Д. Рахманова