КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын
2023-жылдын 27-апрели № 20-3
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Коммунист айылынын № 811-контурунда жайгашкан 8,50 га жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, “Керме-Тоо айылынын тургундарынын кайрылуусу боюнча, Керме-Тоо айылы менен Өзбек Республикасынын чектеш болгон кунарсыз жайыт жерди, ата-бабалардан калган улуттук улак тартыш оюнун улантуу максатында бекитип берүү боюнча айылдык кеңештин сессиясында карап берүү жөнүндөгү” 21.02.2023-жылдагы, чыгыш № 201 сандуу каты жана ушул эле жер боюнча, айыл өкмөтүнүн, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Коммунист айылынын № 811-контурунда жайгашкан 8,50 га жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү”, 28.03.2023-жылдагы, чыгыш № 395 сандуу каты жөнүндөгү” каты жана Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын чыгыш № М-12 сандуу билдирүү каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 2023-жылдын 20-апрелиндеги отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап жана талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Коммунист айылынын № 811-контурунда жайгашкан 8,50 га жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” № 37- Мыйзамынын негизинде иш алып барылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: | Д. Рахманова |