Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 20-4

 

Жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, “Кызыл-Кыштак” ҮДТнүн аймагына кошуп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Биринчи Элдик Курлтайдын делегаты Д.Рахмановдун, айылдык кеңештин депутаттары О.Токторалиева жана Г.Мирзакаримов алардын, “Кызыл-Кыштак” УДТнын кире бериш бөлүгүндөгү 0,05 га жер тилкесин “Көк китебине” коштуруп, муниципалдык баланска алууну сурангандыгы жөнүндөгү” 01.03.2023-жылдагы № 14-билдирүүсү жана ушул эле маселе боюнча айыл өкмөтүнүн, 30.03.2023-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айылындагы “Кызыл-Кыштак” ҮДТга жанаша жайгашкан 350,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып, “Кызыл-Кыштак” ҮДТнүн аймагына кошуп берүү жөнүндөгү”, чыгыш № 405 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 2023-жылдын 20-апрелиндеги отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап, талкуулап токтом кылат:

Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:

1. Кызыл-Кыштак айылындагы “Кызыл-Кыштак” ҮДТга жанаша жайгашкан 350,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, тийиштүү иш кагаздарын (мам. актысын) даярдатып, “Кызыл-Кыштак” ҮДТнүн аймагына кошуп берүү боюнча катоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

Д. Рахманова