КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын
2023-жылдын 27-апрели № 20-5
Ишкаван айылында жайгашкан № 1698-1699 контурлардагы 0,90 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, “Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылында жайгашкан № 1698-1699 контурлардагы 0,90 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу максатында, Ишкаван айылынын тургуну К.Бахирдинов арыз менен кайрылган, ушул маселени айылдык кеңештин сессиясында карап берүүнү сурангандыгы жөнүндөгү” 11.03.2023-жылдагы, чыгыш № 284 сандуу каты жана Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын чыгыш № 231/Тл сандуу билдирүү каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап жана талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы №1698-1699 контурларда жайгашкан 0,90 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын .
2. Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” № 37- Мыйзамынын негизинде иш алып барылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: | Д. Рахманова |