КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын
2023-жылдын 27-апрели № 20-6
Жаңы-Турмуш айылындагы Сүрөтүү-Таш участкасынын башкы пландагы “мектеп менен бала бакча” - деп көрсөтүлгөн жер аянтын толугу менен “мектеп” үчүн - деп, өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 22.03.2023-жылдагы, “Жаңы-Турмуш айылынын Сүрөтүү-Таш участкасындагы башкы пландагы “мектеп менен бала бакча” үчүн көрсөтүлгөн жерди толугу менен “мектеп” үчүн өзгөртүп берүүнү суранабыз. Себеби жаңы мектеп курулса эски мектептин орду бала бакча катары пйдалануусу жөнүндөгү”, чыгыш № 323 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 2023-жылдын 20-апрелиндеги отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагынын Жаңы-Турмуш айылындагы Сүрөтүү-Таш участкасынын башкы пландагы “мектеп жана бала бакча” деп көрсөтүлгөн жер аянтына, толугу менен “мектеп”- деп өзгөртүү киргизилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: | Д. Рахманова |