Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 20-7

 

Кызыл-Кыштак айылындагы Беш-Капа участкасынын № 1185-контурундагы 200,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн “Кызыл-Кыштак айылынын Беш-Капа участкасындагы № 1185-контурундагы 200,0 чарчы метр жер тилкесин, элдерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып, суу насосун куруу үчүн ажыратып берүүнү сурангандыгы жөнүндөгү”, 22.03.2023-жылы чыгыш № 324 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап жана талкуулап токтом кылат:

Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:

1. Кызыл-Кыштак айылындагы “Беш-Капа” участкасынын № 1185-контурундагы 200,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, “скважина” курууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин, “жер, курулуш, муниципиалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

Д. Рахманова