КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын
2023-жылдын 27-апрели № 20-8
Кызыл-Кыштак айылынын К.Сабиров көчөсүндөгү 40,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, “Кызыл-Кыштак айылынын К.Сабиров көчөсүндөгү Алимов Музаффардын үйүнүн жанындагы 40,0 чарчы метр жер тилкесин, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү”, 28.03.2023-жыл, чыгыш № 397 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап жана талкуулап токтом кылат:
Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылынын К.Сабиров көчөсүндөгү 40,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы “Мүлккө муниципалык менчик жөнүндө” № 37-Мыйзамынын негизинде иш алып барылсын.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: | Д. Рахманова |