Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 20-9

 

 Көрүстөн үчүн жер тилкелерин ажыратуу жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 30.03.2023-жылдагы чыгыш № 406 сандуу катындагы: “Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Керме-Тоо айылынын тургундары, мүрзө толуп калганына байланыштуу арыз менен кайрылып, арызда 10,0 га жер аянтын ажыратып берүүнү суранган. Айыл тургундарынын маселесин чечүү үчүн Керме-Тоо айылынын № 609-контурдагы таштуу жайыт жерден 10,0 га жер аянтын жана Жаңы-Турмуш айылынын Сүрөттүү-Таш участкасындагы № 831- контурундагы таштуу жайыттан 15,0 га жана № 832-контурундагы бадалдуу жайыттан 0,98 га жер аянттарын мүрзө үчүн ажыратып,“айыл чарба багытындагы жерлер котегориясынан”, көрүстөн үчүн “өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт жана башка жерлер категориясына” которуу жөнүндөгү” маселени карап, талкуулап токтом кылат:

Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:

1. Керме-Тоо айылындагы № 609-контурунан 10,0 гаташтуу жайыт жер аянты “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” көрүстөн үчүн, “өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт жана башка жерлер” категориясына которуу сунушталсын.

2. Сүрөттүү-Таш участкасындагы № 831- контурунан 19,0 га таштуу жайыт жана № 832-контурунан бадалдуу 0,98 га жер аянттары “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” көрүстөн үчүн,“өнөр жай, курулуш, байланыш, транспорт жана башка жерлер” категориясына которуу сунушталсын.

3. Айыл өкмөтүнө тийиштүү иш кагаздарын тактоо менен иш жүргүзүү жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

Д. Рахманова