Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 20-10

 

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Мырза-Ажы” жана “Жойпас” СПАларына караштуу канал жана арыктарды айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 03.04.2023-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Мырза-Ажы” жана “Жойпас” СПАларына караштуу канал жана арыктарды жалпы узундугу 61,2 км, анын ичинен 1,2 км бетон латокторду айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча айылдык кеңештин сессиясында карап берүү жөнүндөгү”, чыгыш № 428 сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын” 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечимин карап жана талкуулап токтом кылат:

Айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.04.2023-жылдагы отурумунун № 3-протоколунун чечими бекитилип:

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү “Жойпас” СПАсына караштуу канал, арыктар жана бетон лоток арыктар айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

Д. Рахманова