Редакцияот 27.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясынын

 

 

2023-жылдын 27-апрели № 20-11

 

Жер аянтынын категориясын которууга (трансформациялоого) сунуштоо жөнүндө

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XX сессиясы, күн тартибиндеги: Айылдык кеңешке, Биринчи Элдик Курлтайдын делегаты Д.Рахмановдун, айылдык кеңештин депутаттары О.Токторалиева жана Г.Мирзакаримов алардын, “Ишкаван айылындагы айыл чарба багытындагы 6,70 га жер тилкесине “муниципалдык базар” ачуу максатында трансформациялап берүүнү жана практикалык жардам берүүнү сурангандыгы жөнүндөгү” 01.03.2023-жылы билдирүүсү жана ушул эле жер боюнча жана айыл өкмөтүнүн, 04.04.2023-жылдагы, Россия Федерациясы тарабынан каржыланып мектеп куруу үчүн, “Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылынын № 1559-контурундагы 6,70 га сугат айдоо жер аянтын “айыл чарба багытындыгы жер” категориясынан,“өнөр жай, курулуш, байланыш жана башка жерлер” категориясына которуп берүү жөнүндөгү”, чыгыш № 429 сандуу каты боюнча маселени карап жана талкуулап токтом кылат:

1. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылындагы № 1559-контурунан 6,70 га сугат айдоо жер аянты, “айыл чарба багытындыгы жер” категориясынан муниципалдык базар ачуу максатында, “өнөр жай, курулуш, байланыш жана башка жерлер” категориясына категориясына которуу (трансформациялоо) сунушталсын.

2. Трансформациялануучу 6,70 га жер аятынын максаттык багыты “муниципалдык базар” үчүн гана каралсын.

3. Айыл өкмөтүнө тийиштүү иш кагаздарын тактоо менен иш жүргүзүү жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

         Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

Д. Рахманова