Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүүкеңешинин

1-сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябрындагы  №1                                    

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

          Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы№3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Эсептөө комиссиясынын Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешиинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

2.  Мамытов Акылбек Алымович Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                                                                         М.Н. Саскараев