ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII отурумунун
2023-жылдын 28 сентябры № 23/2
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын бекитилген сметасынын III квараталынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип тактоо жөнүндө
Ленин айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп 28.09.2023-жылдагы №23 протоколунун негизинде айылдык кенешинин VII чакырылышынын XXIII кезексиз отуруму токтом кылат:
1.“Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин “115-беренесине ылайык , Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө республикалык бюджеттен салыктардын түшүп кетүүсүнө кошумча бөлүнгөн максаттуу трансферттен 2023-жылдын III квараталынын планына отургузуп, өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.
Киреше бөлүгү:
Катар № | Кирешенин аталышы | Берене | Баары | III квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Максаттуу трансферт | 13321200 | 18,3 | 18,3 |
|
2 | Киреше салыгы | 11111100 | 600,0 | 600,0 |
|
3 | Кыймылсыз мүлк салыгы IIгр | 11311200 | 0,5 | 0,5 |
|
Жыйынтыгы |
| 618,8 | 618,8 |
| |
2. 2023-жылдын III кварталына карата бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүндөгү төмөндөгү беренелердин планына өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын
Чыгаша бөлүгү
бөлүк | Кирешенин аталышы | Берене | Баары | III квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
70823 | Эмгек акы | 2111 | 18,3 | 18,3 |
|
70911 | Ар түрдүү имараттарды куруу | 3111 | 600,5 | 600,5 |
|
Жыйынтыгы |
| 618,8 | 618,8 |
| |
3. 2023-жылдын III кварталынын бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Бюджетте каралган акча каражаттарынын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.
Төрага | Орозали уулу Таалайбек |