Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ 

Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII отурумунун

 

 

2023-жылдын 28 сентябры № 23/4

 

Мурдаш айылынын тургуну А.Төрөбековдун жазган арызы атасы Машрапов Төрөбектин атын өзү жашаган көчөгө коюу жөнүндө

 

Мурдаш айылынын тургуну А.Төрөбековдун жазган арызы атасы Машрапов Төрөбектин атын өзү жашаган көчөгө коюу боюнча жазган арызын карап жана талкуулап , Ленин айылдык Кенешинин отуруму токтом кылат:

1. Мурдаш айылынын тургуну А.Төрөбековдун жазган арызы атасы Машрапов Төрөбектин атын өзү жашаган көчөгө коюу боюнча жазган арызы канааттандырылсын.

2. Согонду айылындагы Мурдаш заправкасынан баштап Кайракы участкасына чейин жаны конуштарга ушул көчөдө жашап өткөн Машрапов Төрөбектин аты ыйгарылсын.

3. Көчөнүн аталышын жазуу, көчөгө жарыктандыруу коюу, жолду тегиздөө иштерин жасоо маркум Машрапов Төрөбектин урпактарына тапшырылсын.

4. Тийиштүү иш кагаздарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзам укук тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

         Төрага

Орозали уулу Таалайбек