Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ 

Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII отурумунун

 

 

2023-жылдын 28 сентябры № 23/6

 

Мурдаш айылындагы Түлөбай участкасындагы жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасынын бүтпөй калган курулуш иштерин бүткөрүү жөнүндө

 

Мурдаш айылындагы Түлөбай участкасындагы жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасынын бүтпөй калган курулуш иштерин карап чыгып ,Ленин айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Мурдаш айылындагы Түлөбай участкасындагы жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасын толук бүткөрүү үчүн жетишпеген 14 млн.сом акча каражатына долбоор даярдап тапшыруу айыл өкмөтүндөгү демилгелүү топко тапшырылсын жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Алай райондук өнүктүрүү фонддунан суралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго тапшырылсын .

 

 

         Төрага

Орозали уулу Таалайбек