Редакцияот 10.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын II кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 10-ноябры  №2/1 

Жан-Булак айыл айыл аймагынын   2024-2029-жылдарга туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

    

       Жан-Булак айыл аймагынын  2024-2029-жылдарга туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү стратегиясынын программасына   БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча сунушталган иш-чараларды киргизүү, 2025-жылга өнүгүү программага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин XXIX чакырылышынын

II кезексиз  сессиясы        

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.        Жан-Булак айыл аймагынын  2024-2029-жылдарга туруктуу социалдык- экономикалык өнүктүрүү стратегиясынын программасына   БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча сунушталган иш-чараларды киргизүү менен 2025-жылга  өнүгүү планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

 

2.   Бул токтомду  кѳзѳмѳлдѳѳ жагы   Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

С. Акматов