Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын I сессиясынын

 

2024-жылынын 27-ноябры №1

 

« Айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө».

         

      Эсептөө комиссиясынын 27-ноябрдагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Эсептөө комиссиясынын шаардык/айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

 

2. Алишеров Айдарбек Сыдыкович Кетмен-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрайым:

Б.К. Батыралиева