Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын I сессиясынын

 

2024-жылынын 27-ноябры №4

 

« Кезектеги III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүү жөнүндө ».

           

       Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгынын негизинде , 2024-жылдын 20-декабрында өтүүчү кезектеги III Элдик Курултайга Кетмен-Дөбө айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин    I уюштуруу сессиясы токтом кылат:

 

       1. Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү чечими кабыл алынсын жана жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

       2. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүүдө айыл өкмөт боюнча калктын саны эске алынып,

1.    Терек-Суу айылы -29делегат

2.    Чоң-Арык айылы -19лелегат

3.    Кырк-Казык айылы-1делегат

4.    Жаңы-Арык айылы-1делегат

5.    Чолпон-Ата,Балыкты айылы-9делегат

6.    Мазар-Суу айылы-12делегат

7.    Ак-Тектир айылы-16делегат

8.    Кара-Күнгөй айылы-10делегат

9.    Кушчу-Суу айылы-3делегат

жалпы өкүлдөрдүн саны 100 адамдан ашпоосу эске алынсын.

 

        3.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрында саат 10.00до саат 10-00 Курама уулу Турусбек атындагы №12 жалпы билим берүүчү орто мектебинин залында өткөрүлүүсү белгиленсин.

 

       4. Жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

        5.Түзүлгөн комиссиянын курамына Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча нускаманын негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

       6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.С. Алишеров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин

2024-жылдын 27-ноябрындагы

I уюштуруу сессия-

сынын № 4 токтомуна 1-тиркеме

 

Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги

 

 

к/№

 

Айылдардын аталышы

Жыйындын өткөрүү убактысы

Жыйын өткөрүлүүчү жай

1

Кара-Күнгөй

04-декабрь,

саат 10.00

Т.Жаманкулов

мектеби

2

Ак-Тектир

04-декабрь,

саат 12-30

С.Нурманбетов мектеби

3

Чолпон-Ата,Балыкты

04-декабрь,

саат 15-00

Данканай мектеби

4

Кушчу-Суу

04-декабрь,

саат 17-00

Ж.Тоялиев мектеби

5

Мазар-Суу

05-декабрь, саат 18-30

Жоомарт мектеби

6

Чоң-Арык

05-декабрь, саат 14.00

Коргол орто мектеби

7

Терек-Суу

05-декабрь, саат 11.00

Курама уулу Турусбек

8

Кырк-Казык

05-декабрь,

саат 15-30

Кырк-Казык мектеби

9

Жаны-Арык

05-декабрь,

саат 18-00

Жаңы-Арык мектеби

 

 

Жооптуу катчы:

Д.Турумкулова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин

2024-жылдын 27-ноябрындагы

I уюштуруу сессия-

  сынын  № 4 токтомуна  2-тиркеме

Кезектеги III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

 

№

Аты-жөнү

кызматы

Жашаган жери

1

Алишеров Айдар Сыдыкович

Жумушчу топтун төрагасы

Терек-Суу

2

Жеенбаева Керемет Жумашалиевна

Жумушчу топтун катчысы

Ак-Тектир айылы

3

Мейманалиева Гүлназ

Жумушчу топтун мүчөсү

Кара-Күнгөй

4

Чотоева Гүлзат

Жумушчу топтун мүчөсү

Терек-Суу

5

Жуманаалы уулу Токтомамбет

Жумушчу топтун мүчөсү

Чон-Арык

6

Оргараев Жолчубек

Жумушчу топтун мүчөсү

Чолпон-Ата

7

Айтыкеев Замирбек

Жумушчу топтун мүчөсү

Мазар-Суу

 

 

Жооптуу катчы:

Д.Турумкулова