Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 28-ноябры №1/3

Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы  А. Өскөнбаев атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка өздүк салымына акча каражатын бөлүп  берүү  жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча,Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы С. Чекировдун   баяндамасын угуп жана Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 18.11.2024-жылдагы №2.2-4/554  каты боюнча, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын  айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү I сессиясы  токтом кылат:

 

1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы А. Өскөнбаев атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлуштүк) гранттка  өздүк салым катары 2025- жылдын жергиликтүү бюджеттинен 1 290 000  (бир миллион эки жүз токсон миӊ)  сом бөлүнүп берилсин.

2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл  өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.

 

   3.Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

К. Усупов