Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 28-ноябры №1/5

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган долбоорлорду бекитүү жана өздүк салымдарды бөлүп берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 18.11.2024-жылдагы №2.2-4/554  каты боюнча, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын  айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү I сессиясы  токтом кылат:

 

1.   Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин. 

2.   Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган төмөндөгү долбоорлордун өздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

3. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Миӊ-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтү камсыз кылсын.

№

Долбоордун аталышы

Долбоор боюнча өздүк салым суммасы:

Долбоордун жалпы суммасы:

1.

Эчки-Башы айылындагы Кампаны чатырчалоо, ремонтоо иштери. 

500 000   

3 271 070

2.

Куйбышев айылындагы А. Осмонов атындагы маданият үйүнө жулуулук тутумун орнотуу, инвентарларды алуу боюнча  

500 000

4 663 473

 

4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жагы Миӊ-Булак айыл  өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге  милдеттендирилсин.

 

  5. Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

Тѳрага

К. Усупов