Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2023-жылдын 09-февралы № 13/3

 

Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жыл жыйынтыгы менен аткарылган иштеринин абалы жана 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 20- октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2- февраль 2023-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат :-

 

1. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2022-жыл жыйынтыгы менен аткарылган иштеринин абалы 1.277.000 (бир миллион эки жүз жетимиш жети мин) сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.

 

2. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2023-жылга карата кирешеси 1.986.000 (бир миллион тогуз жүз сексен алты мин) сомго жана чыгашасы 1.986.000 (бир миллион тогуз жүз сексен алты мин) сомго бекитилсин.

 

3. Сур-Таш жайлоосун өз максатында пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А.Бөрүбаев