КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2023-жылдын 09-февралы № 13/5
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетинин түзүлүшү, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34 “Айылдык аймактардын жергиликтүү кенештеринин компетенциялары жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн абалын караган айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02- февраль 2023-жыл № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши токтом кылат :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджеттин кирешеси 56.716.800 (элүү алты миллион жети жүз он алты мин сегиз жүз) сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджеттин чыгашасы 56.716.800 (элүү алты миллион жети жүз он алты мин сегиз жүз) сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жана айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүбаев |