Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кара–Кулжа айылдык кенешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2023-жылдын 09-февралы № 13/9

 

Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдагы калдык 5.502.790 (беш миллион беш жүз эки мин жети жүз токсон) сом каражатты бөлүштүрүү жөнүндө

Кара–Кулжа айыл өкмөтүнүн 20 - январь 2023-жылдагы № 1-19 / 18 билдирүү катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:-

 

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдагы калдык 5.502.790 (беш миллион беш жүз эки мин жети жүз токсон) сом каражат 2023-жылга калдык болуп өткөндүгү белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдагы калдык 5.502.790 (беш миллион беш жүз эки мин жети жүз токсон) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:-

- Кара-Кулжа айылынын көчөлөрүнө жол белгилерин койдурууга 91.140 сом;

- А.Токтосартов китепканасынын жасалгалоо иштеринин калдык акчасын төлөө 296.547 сом;

- Токтосартов китепканасынын чатырын алмаштыруу үчүн технадзор кызматына 40.000 сом;

- Ч.Пазылов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйгө даараткана курууга 150.000 сом;

- Р.Абдыкадыров музыкалык мектебине тапан таш орнотууга 144.000 сом;

- А.Максутов көчөсүнө асфальт төшөөгө ПСД жасатууга 130.000 сом;

- Таза-Суу чыгарууга долбоор (проект) жасатууга 150.000 сом;

- 1-Май айылындагы А.Юсупов мектебинин жылытуу системасын ондотууга 216.000 сом;

- 1-Май айылындагы Жоогазын бала бакчасынын ПСД сын жасатууга 141.000 сом;

-  Таш көмүр сатып алууда калдык 45.153 сом;

- Кара-Кулжа ЖПБ эсебине калдыкты которууга 184.950 сом;

- Биймырза айылы спорт комплекстин ПСД сын өзгөртүүгө 80.000 сом;

- Биймырза айылынын ички көчөлөрүнө шагыл токтүрүүгө 120.000 сом;

- Биймырза айылы спорт залга, Дзюдо ийримине спорт инвентар сатып алууга141.000 сом;

- 1-Май айылынын ички көчөлөрүнө шагыл токтүрүүгө 755.000 сом;

-1-Май айылындагы күнгөйгө кетүүчү көпүрөнү ондоого 700.000 сом;

-1-Май айылындагы Токтогул мектебинин ашканасын ондоого 500.000 сом;

-1-Май айылындагы Токтогул мектебинин китепканасына инвентар сатып алууга 141.000 сом;

-1-Май айылындагы китепканага компьютер, адабый китептерди сатып алууга 62.000 сом;

- Э.Осмонов мектебинин топурагын чыгарууга 200.000 сом;

- О.Сайдилканов мектеби пайдалануудагы имараттын ижара акысын толоого 135.000 сом;

- О.Сайдилканов мектебинин жаны курулуш имараттынын ПСД сын жасатууга 500.000 сом;

- Жайыт жолун ондоого 400.000 сом;

- Турмуш-шарты оор Жусупова Нурпериге материалдык жардам көрсөтүүгө 50.000 сом;

- көзү азиз жана дүлөй дудук Дайырбеков Алайбектин үй-бүлөөсүнө жардам көрсөтүүгө 50.000 сом;

-2-топтогу майып Сатыбалдиев Сагынга материалдык жардам көрсөтүүгө 30.000 сом;

-1-топтогу майып Аматов Салмоорбекке дарылануусуна жардам көрсөтүүгө 50.000 сом;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, төраганын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А.Бөрүбаев