КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-5
Айыл аймактын жалпы тургундарынын көчүү жана көчүп келүү иш-аракеттери жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана айыл тургундарынын жазгы көчүү, кузгү көчүп келүү боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Айыл аймактын тургундарынын жазгы көчүү-конуу иш-чарасы Кичи-Жекатта 20-апрелден, Чоң-Жекатта 30-апрелден, калган айыл аймактын баардык айылдарында 1-майдан кечиктирилбестен жүргүзүлсүн.
2. Айыл аймактын тургундарынын күзгү көчүп келүүсү эгин жыйналып бүткөндө, 1-октябрдан кийин жүргүзүлсүн.
3. Ушул көрсөтүлгөн күндөрдүн нормасын бузган жарандарга мыйзам (Бузуулар кодекси) чегинде кечиктирилгис чара көрүү жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эрлан Качкын уулуна, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |