Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

 

2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-4

 

Кабак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө

 

Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кабак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү” жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:

 

1. “Кабак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы” бекитилсин.

 

2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Д. Абдыралиев