КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-3
Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын уставын каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы катталсын. (тиркеме тиркелет).
2. Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын каттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо аткаруу комитетинин төрагасы Боргемиков Кайрат Сагыналиевичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |