Редакцияот 10.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы

 

2023-жылдын 10-апрелиндеги № 28-15-2

 

Таштанды полигонун курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

 

Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Таштанды полигонун куруу жана жерин трансформациялоо” жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:

 

1. Кабак айыл аймагынын Сары-Булуң айылына жакын жерден таштанды полигонун курууга 3 (үч) га жер бөлүнүп берилсин.

2. Жерди трансформациялоо жана документация иштерин бүткөрүү жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Д. Абдыралиев