КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2023-жылдын 24-февралындагы № 28-14-4
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жүн тыткан станокту сатуу жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жүн тыткан станокту сатуу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жүн тыткан станок сатыкка чыгарылсын.
2. Жүн тыткан станокту сатуу боюнча комиссия курамын бекитүү Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |