Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

2023-жылдын 24-февралындагы № 28-14-3

 

Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетин жана тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга карата бюджетин бекитүү үчүн Кабак айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А. Рысалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушунун негизинде токтом кылат:

 

1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга карата жалпы бюджети 495600,00 (төрт жүз токсон беш миң алты жүз) сом менен бекитилсин.

2. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин карамагындагы погрузчиктин айыл аймакта иштөө тарифи, саатына 500 (беш жүз) сом, ал эми күйүүчү майын кардар керектөөсүнө жараша өзү камсыз кылсын.

3. Жайыт комитетинин бюджетин туура пайдалануу жана бекитилген тариф боюнча жайыт пайдалануучулардан чогултуу Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А. Рысалиевге милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Д. Абдыралиев