КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2023-жылдын 24-февралындагы № 28-14-2
2022-жылдын бюджетинин кирешелеринин эсебинен калган үнөмдөлгөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жыйынтыгындагы жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган 1 850 165,72 сом (бир миллион сегиз жүз элүү миң бир жүз алтымыш беш сом жетимиш эки тыйын) жана атайын каражаттан үнөмдөлгөн 9 975 (тогуз миң тогуз жүз жетимиш беш) сом акча каражаты жөнүндөгү Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчанын жетекчилеринин жана айылдын жашоочуларынын кайрылуу сунуштарын угуп жана талкуулап Кабак айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жыйынтыгындагы жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган акча каражаты төмөндөгү жумуштарга жумшалсын:
- “Сайнап-Уултай” бала бакчасына тамак аш үчүн - 9 975 сом
- Кызыл-Коргон айылынын электр чубалгысын орнотуу - 500 000 сом
- Кызыл-Коргон айылынын ички көпүрөсүн ремонттоо – 53 665 сом 72 тыйын
- Муз аянтын жакшыртууга дем берүүчү грантка өздүк салым - 730 000 сом
- Кең-Суу айылына электр жарыгын тартууга өздүк салым - 500 000 сом
- Жайыт комитетинен үнөмдөлүп калган 66 500 сом акча каражаты, жайыт комитетинде калтырылсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Д. Абдыралиев |