Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кабак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын ХХVIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2023-жылдын 16-январындагы № 28-13-2

 

Кабак айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Эргешовдун төрагалыгында 2022-жылдын 31-ноябрында болгон “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча реформаларды жүргүзүүгө даярдыктарды көрүү жөнүндө” жыйындын №1 протоколунун, Кабак айыл аймагынын таза суу пайдалануучулар бирикмесинин №1 протоколунун, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин №1 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” №713 токтомуна ылайык, Кабак айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттары угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1. Кабак айыл аймагындагы “Табылгыты-Нурлан” ИСКАКБсын (ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдын коомдук бирикмесин), жайыт пайдалануучулар бирикмесин жана тазалыкты бириктирип Кабак айыл аймагында муниципалдык ишкана түзүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылып, жогорудагы коомдук уюмдардын тиешелүү документтерин өткөрүүнү даярдоо Эрнис уулу Илгизге тапшырылсын.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, kabak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Качкын уулуна милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Д. Абдыралиев