Редакцияот 30.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык Кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясынын (VII шайланган)  жыйналышынын

 

2022-жылдын 30-ноябры № 13/1

 

Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында 2023-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында 2023-жылдын бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорду угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондуна жазылган долбооруна Чалма айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 487 985 (төрт жүз сексен жети миң тогуз жүз сексен беш) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Токбай-Талаа айылындагы “Чалма” балдар бакчасын кошумча орундуктар менен камсыз кылуу багытында Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорун колдоп берүү жагы Кара-Кулжа райондук Өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешине сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чалма айылдык Кеңешинин торагасы:

А. Кадыркулов.