Редакцияот 24.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кегектеги  09-сессиясы

 

2023-жылдын 24-февралы № 09/06

 

Тепе-Коргон айыл аймагында Айылдардагы  коомдук инвестициялык ассоциацияны (АКИА) каттоо жөнүндө

 

Тепе-Коргон айыл аймагында айылдардагы коомдук инвестициялык ассоциациянын (АКИА) аткаруу комитетинин төрайымы Самаргул Бекболотованын арызын карап чыгып, АРИСтин “Жергиликтуу коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Тепе-Коргон айыл аймагында социалдык инфраструктураларды жакшыртуу жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Тепе-Коргон айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Тепе-Коргон айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктун инвестициялык ассациациясынын (мындан ары АКИА) уставдык ишмердүлүгүнүн аймагы катары Ош областынын Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагы белгиленсин.

2. Бекитилген Уставдын жана протоколдун негизинде АКИАны Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинде каттоого алынсын.

3. Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына КРнын мыйзамдарынын жана айылдык кенештин регламентинин негизинде АКтин ушул токтомун КР юстиция Министрлигинин нормативдик укуктук ресстирине киргизүүнү камсыздоо тапшырылсын.

4. Айыл өкмөтүнө АКИАнын жана анын аткаруу комитетинин Тепе-Коргон айыл аймагында өзүнүн Уставынын негизинде жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү тапшырылсын.

 

 

Тепе-Коргон айылдык

кеңешинин торагасы:

А.Арзиев