Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги он бешинчи сессиясы

 

2023-жылдын 26-январындагы № 15-4

 

“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү жана агын суунун тарифи жөнүндө Кыргыз-Ата айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жалпы чогулушунун протоколдоруна макулдук берүү жана “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү жана агын суунун тарифи жөнүндө Кыргыз-Ата айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жалпы чогулушунун протоколдоруна макулдук берүү жана “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифи 1м3х35 сомго жана агын суунун тарифи 1сотых х10 сомго көтөрүү жөнүндө Кыргыз-Ата айыл аймагында өткөрүлгөн элдик жалпы чогулушунун протоколдоруна макулдук берилсин.

2. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бюджети кирешелери жана чыгашалары 6 700 005 сомго бекитилсин (тиркеме тиркелет).

3. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү жана агын суунун тарифинин негизинде иш алып баруу “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо жана айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы, агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясыларына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Женишбай у. Э

 

Караңыз:

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде тиркеме кагаз түрүндө)