Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы кезектүү 26-сессиясы

 

2023-жылдын 09-февралындагы № 3

 

Орток аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 1294672 сомго бекитилсин.

 

2. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттары 1294672 сом төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.

 

№

Статья

Мазмуну

сумма

1

3111

Курулмаларды капиталдык оңдоо

300,0

Баары

300,0

 

 

 

3. Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.

4. Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.Субанбеков