Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезектүү

27-сессиясы

 

2023-жылдын 28-февралындагы № 5

 

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тазалыкка болгон жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б. Асаналиевдин билдирүүсүн угуп, сессияда талкуулап Орток айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1. Орток айыл аймагынында туруктуу жашаган кожолуктун саны такталып ар бир кожолукка 100 сомдон белгиленсин.

 

2. Бир айга чогултулган 19480 (он тогуз миң төрт жүз сексен) сом Орток айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине чегерилсин, калган жети айга 100 (жүз) сомдон Орток айыл аймагынын тазалык таштандыларын чыгарууга жумшалсын.

 

3. Салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б. Асаналиевге милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.Субанбеков