Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезектүү

27-сессиясы

 

2023-жылдын 28-февралындагы № 4

 

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сугат сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б. Асаналиевдин билдирүүсүн угуп, сессияда талкуулап Орток айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б. Асаналиевдин сугат сууга болгон тарифтерин көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.

 

2. 2023-жылдан баштап сугат сууга болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

 

3. Орток айыл аймагындагы 1200 га жерге жылына бир жолу гектарына сугат сууга 200 (эки жүз) сомдон бекитилсин.

 

4. Салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б. Асаналиевге милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.Субанбеков