ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезектүү
27-сессиясы
2023-жылдын 28-февралындагы № 3
Орток айыл аймагындагы “Найман-Булак” ИСКАКБнын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын “Найман-Булак” ИСКАКБнын төрагасы С. Курманакунов сунушталган тарифтерин талкуулап Орток айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1. “Найман-Булак” ИСКАКБнын төрагасы С. Курманакуновдун ичүүчү таза сууга тарифти көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. Ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрдүн өлчөмү мурункудай 150 сомдон эч өзгөрүүсуз калтырылсын.
3. “Найман-Булак” ИСКАКБнын төрагасы С. Курманакуновго төмөндөгулөр милдеттендирилсин:
- Калкка толук таза суу менен камсыз кылуу;
- Үйлөрүүнө таза суу киргизилген тургундарга уруксаат берүү;
- Өз алдынча кошуп алган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү;
- Жыл сайын бюджетти так эсептеп чыгып бекиттирүү;
- Төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;
- Ичүүчү таза сууну өз багытында колдонууга көзөмөл жүргүзүү; (огород сугаруу, клем, палас жуу, шланг кошуп ж.б иштерге орнотууга тыюу салуу)
- Тарифтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмү менен маакулдашуу;
- Чейрек сайын ичүүчү суунун анализин Санэпидтен өткөрүп туруу;
- Ар бир төлөөчүлөрдүн эсептик бетин ачууну уюштуруу
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Орток айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Субанбеков |