ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин 6-чакырылыштагы кезектүү
27-сессиясы
2023-жылдын 28-февралындагы № 2
Орток айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын тарифтерин шарттуу мал башына бекитүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э. Орозоев сунушталган тарифтерин талкуулап Орток айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин төрагасы Э. Орозоевдин болгон тарифти көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. 2023-жылдан баштап шартуу мал башына болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгудөй өлчөмдө бекитилсин.
№ | Малдын түрү | Которуу коэфф | 1 баш ШМБ | Баасы (сом) |
1 | ИММ (уй, топоз) | 1.0 | 1 | 70 |
2 | Майда жандык кой, эчки | 0.2 | 1 | 14 |
3 | Жылкы | 1.0 | 1 | 70 |
5. Жайыт комитетинин төрагасы Э. Орозоевге төмөндөгулөр милдеттендирилсин:
- Жайыт пайдалануучулар менен келишим тузүү;
- Мал санакты сапаттуу уюштуруу;
- Жайыт акыларды толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;
- Жыл сайын бюджетти так эсептеп чыгып бекиттирүү;
- Айыл башчылар менен биргеликте өз убагында көчүп конуу, коруктарды уюштуруу;
- Ички, ортоңку, алыскы жайыттарга баруучу жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо;
- Жайыттарга мыйзамсыз пайдалануу, айдоо, тосуп алуу, курулуштарды болтурбоону көзөмөлдөө, башка жактан келген малдарга тарифтик баадан эки эселенип төлөнсүн;
- Ички жайыттарды деградацияга учуратпоо максатында топоздор ички жайытка түшсө мыйзам чегинде айып пул салынсын;
- Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде иш алып баруу
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Орток айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Субанбеков |