Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН

ТОКТОМУ

Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылыштагы кезексиз 25-сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 1

 

Орток айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2023-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө Орток айыл аймагынын Кайыңды, Таш-Башат айылдарынын Кайыңды каналынын башына сооружения куруу үчүн сметалык проекти даярдоого жана техникалык көзөмөл жүргүзүүчүгө акча каражатын бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Жалпы сметалык наркы 2752 762 (эки миллион жети жүз элүү эки миң жети жүз алтымыш эки) сомду түзгөн Орток айыл аймагынын Кайыңды, Таш-Башат айылдарынын Кайыңды каналынын башына сооружения куруу долбоору жактырылсын.

 

2. Долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

3. Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.

 

4. Долбоорду Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна документтери тапшыруу жагы Сапарбек уулу Саматка милдеттендирилсин.

 

 

5. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.

 

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.Субанбеков