ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕЩЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылыштагы кезексиз 25-сессиясы
2023-жылдын 30-январындагы № 2
Орток айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2023-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө Орток айыл аймагынын Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов атындагы орто мектебине көмүр кана куруу үчүн сметалык проекти даярдоого жана техникалык көзөмөл жүргүзүүчүгө акча каражатын бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Орток айыл аймагынын Кайыңды айылындагы М. Кенжакунов атындагы орто мектебине көмүр кана куруу долбоору жактырылсын. Сметалык наркын даярдоого 24,760 (жыйырма төрт миң жети жүз алтымыш) сом жана техникалык көзөмөл жүргүзүүчүгө (технадзор) 11,900 (он бир миң тогуз жүз) сом долбоорду ишке ашыруу максатында жалпы 36,66 (отуз алты миң алтымыш алты) сом акча каражаты 2023-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.
3. Долбоорду Нарын райондук өнүктүрүү фондусуна документтери тапшыруу жагы М. Кенжакунов орто мектебинин директору Б. Макиловага милдеттендирилсин.
4. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К.Субанбеков |