КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутатардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 18- сессиясынын
2023-жылдын 20-январы № 18-04
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында кеңири тармактуу муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында кеңири тармактуу муниципалдык ишканасын уюштуруу максатында айылдык Кеңештин 2021-жыл №7-01, 2022-жыл №17-03 токтомдорун негиз кылып, Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында кеңири тармактуу муниципалдык ишканасын уюштурууга уруксат берилсин.
2. Муниципалдык ишкана түзүүгө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.К. Карыбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |