МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2023-жылдын 23-июнундагы № 3/19
Жыл башындагы бюджеттик эсептик счеттон калган калдык акча каражатынан, акча каражатын бɵлүү жɵнүндɵ
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Нусупбек кызынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат.
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башында калган бюджеттик эсептик счеттон, Миӊ-Булак айыл аймагынын 2023-2027-жылдар арасында социалдык экономикалык өнүктүрүү программасынын V бөлүмүнүн 5,1 пунктунун №1 тиркемесине ылайык төмөндөгү тизмек боюнча акча каражаттары каралып бөлүнүп берилсин.
АУП-5 258 586( беш миллион эки жүз элүү сегиз миӊ беш жүз сексен алты ) сом
Китепкана-76 000 (жетимиш алты миӊ)сом.
Бала-бакча -227 900(эки жүз жыйырма жети миӊ тогуз жуз) сом.
Мектеп- 4 897 280(төрт миллион сегиз жүз токсон жети миӊ эки жүз сексен) сом
Жайыт-158 289 ( Жүз элүү сегиз миӊ эки жүз сексен тогуз) сом
2. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду аткарып, көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Баяке уулуна жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Нусупбек кызына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Жамангулов |