Редакцияот 23.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2023-жылдын 23-июнундагы № 3/17

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын 2023-2027-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Баяке уулунун баяндамасын угуп жана талкуулап, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Айыл аймактарынын деӊгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жөнүндө” №85-Жарлыгын жетекчиликке алуу менен «Миӊ-Булак», «Кара-Кужур», «Он-Арча», «Эмгекчил» айыл аймактары бириккендигине байланыштуу, Миӊ-Булак айыл аймагынын 2023-2027-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык кошумча-алымчасы менен бекитилсин.

 

2. Программаны ишке ашыруу Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Баяке уулуна жана атайын түзүлгөн координациялык кеңешке милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду веб-сайтка жарыялоо жагы Мин-Булак айылдык кенешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Жамангулов