МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2023-жылдын 23-июнундагы № 3/15
Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылына орнотулуучу “Альфа Телеком” компаниясынын базалык станциясынын жерин чечип берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтү Б.Баяке уулунун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат.
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы Куйбышев айылынын Жаӊыбаев Усуп көчөсүндөгү А.Осмонов атындагы маданият үйүнүн короосунда жайгашкан жер аянтына “Альфа Телеком” компаниясынын базалык станциясынын орнотууга 16 чарчы метр жер тилкесин убактылуу бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду аткарып, көзөмөлгө алуу жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Баяке уулуна милдеттендирилсин..
Төрага |
| А.Жамангулов |