МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2023-жылдын 23-июнундагы № 3/14
Миӊ-Булак айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча эрежени бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Миӊ-Булак айыл аймагынын территориясын санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү иш чараларды эффективдүү уюштуруу боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Бектуровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат.
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгына ылайык, «Миӊ-Булак», «Кара-Кужур», «Он-Арча», «Эмгекчил» айыл аймактары бириккендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Миӊ-Булак айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча эрежеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(Тиркеме 36 баракта)
2. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду аткарып, көзөмөлгө алуу жагы Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Баяке уулуна тапшырылсын.
Төрага |
| А.Жамангулов |