Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин X чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

 

2025-жылынын 24-январы №2

 

«Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинин 1-пунктун жана 31-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз IV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 28.11.2024-жылдагы I уюштуруу сессиясынын №3-токтому жокко чыгарылсын.

 

  1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин Регламенти №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин депутаттары жана аппарат кызматкерлери бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
  3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.З.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  5. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет..

 

 

 

Төрага:

                  О.Т. Турдубеков