МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2023-жылдын 23-июнундагы № 3/9
Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы А.Тыныбеков атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуусунан чыккан материалдарды жашоо шарты начар тургундарга бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат.
Миӊ-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылындагы А.Тыныбеков атындагы орто мектебинин эски имаратын бузуусунан чыккан материалдарды, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн убактылуу комиссиясы түзүлүп, Куйбышев айылынын аярлуу катмарында жашаган Ашыракманов Мейлигул, Баймоӊолов Өмүрбек жана Исмаилов Токтоболотторго бөлүнүп берилсин.
2.Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду аткарып, көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бектуровго тапшырылсын.
Төрага |
| А.Жамангулов |