КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутатардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 19- сессиясынын
2023-жылдын 1-марты № 19-04
Ичүүчү таза суу резервуарына жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айылынын калкын таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичүүчү таза сууга резервуар куруу үчүн № 1079-контурдан 500кв.м жер аянтын ажыратып берүүгө уруксат берилсин.
2. Ажыратылган жер аянтынынын чек арасын тактап көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөттүн жер жана коммуналдык иштер боюнча адиси Ш.Шерматовго милдеттендирилсин.
3. Резервуарды курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо кызматы менен архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясы менен Көк-Бел айыл өкмөт башчысы К.К.Карыбековго жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |